Сайтты пайдалануу шарттары
Бул бет эмнеге кепилдик берерибизди жана эмнеге бербей турганыбызды ачык айтат.
1. Сайттагы маалымат
Сайттагы сүрөттөмөлөр жана сандар — кызматтардын жалпы түшүндүрмөсү. Отчёттун үлгүсүндөгү сандар мисал катары берилген жана эч кимдин иш жүзүндөгү жыйынтыгы эмес.
2. Баалар — сунуш, оферта эмес
Тарифтердеги баалар багыт берүү үчүн көрсөтүлгөн жана коомдук оферта болуп саналбайт. Так сумма сиздин тапшырмаңыз тактaлгандан кийин жазуу жүзүндө айтылат. Баалар долларда көрсөтүлүп, төлөм макулдашылган күнгө карата курс боюнча сом менен кабыл алынат.
3. Арыз формасы
Форманы жөнөтүү — келишим түзүү эмес жана эки тарапка тең милдет жүктөбөйт. Бул жөн гана байланышуунун ыңгайлуу жолу. Биз жумуш күнүнүн ичинде жооп берүүгө аракет кылабыз, бирок бул мөөнөт кепилдик эмес.
Тапшырма биздин мүмкүнчүлүгүбүздөн тышкары болсо же учурда убакыт жетишпесе, арыздан баш тартышыбыз мүмкүн. Бул сиздин бизнесиңизге берилген баа эмес.
4. Эмнеге кепилдик берилбейт
Биз жарнаманын иштелишине, отчёттун тактыгына жана макулдашылган көлөмдүн аткарылышына жооп беребиз. Бирок так канча чалуу, канча буйрутма же канча киреше болорун эч ким кепилдей албайт — бул сиздин продукцияңызга, баа саясатыңызга жана сезонго да көз каранды. Кепилдик берген жерден шектениңиз.
5. Байланыш
Бул шарттар боюнча суроолор болсо — hello@sledor.com.